• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Максутов: Баткенде жеке коргонуучу каражаттар жетиштүү

Аймак 0

Бишкек, 17.06.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Баткен облусунда жеке коргонуучу каражаттар жетиштүү. Бул тууралуу онлайн брифинг учурунда өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Жаркынбек Максутов билдирди.

Анын айтымында, 22 млн 830 миң сомдук жеке коргонуучу каражаттар запаста турат.

"Жеке коргонуучу каражаттар мамлекет, демөөрчүлөр жана бейөкмөт уюмдары тарабынан берилүүдө", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 17-июнга карата коронавирус жуктурган 90 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 2562ни түзөт. Алардын ичинен 1901 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 30 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий