• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мал баккан жарандардын жайлоого чыгышына эч кандай чектөө жок – Малик Нурдинов

Аймак 0

Бишкек, 29.03.20. /Кабар/. Мал баккан жарандардын жайлоого чыгышына эч кандай чектөө жок. Бул тууралуу Ош шаарынын, Кара-Суу жана Ноокат районунун коменданты Малик Нурдинов билдирди.

Анын айтымында, жайытка чыгуу жылдагыдай эле болот.

"Жайлоо кайсы айыл өкмөтүнө караса, алар менен сүйлөшүп жайлоого чыга берсе болот. Коменданттык саат жок жерге бара турган болсо малын түнү да айдап барса болот. Ал эми коменданттык саат бар жерлерде малын күндүзгү маал гана айдап өтө алат. Бул жерде маселе жок. Бир гана маселе санитардык-карантиндик нормаларды сактоо зарыл", - деди ал.

Эскерте кетсек, 27-мартка карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган 14 адам аныкталган. Учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 58ге жетет.

2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий