• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

"Малайзия кереметинин" автору коррупция менен күрөшүү тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даяр

Дүйнө 0

Бишкек, 27.11.18. /Кабар/. Малайзиянын премьер-министри Махатхир Мохамед анын өкмөтү билим берүү, санариптик экономиканы өнүктүрүү жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча тажрыйбалары менен тең бөлүшүүгө даяр экенин билдирди.

Бул тууралуу ал мурдагы президент Роза Отунбаева баштаган кыргыз делегациясы менен болгон жолугушуу учурунда айтты.

Экономика министрлигинин маалымат кызматы кабарлагандай, жолугушууда саясий жана экономикалык байланыштарды өнүктүрүү үчүн эки тараптуу кызматташуу маселелери талкууланды.

Махатхир Мохамед Малайзия өкмөтүн 1981-2003-жылдары башкарган. Ал учурда Малайзиянын экономикасы тездик менен көтөрүлүп, Азиядагы өнүккөн өлкөлөрдүн бирине айланган. Мохамедди “Малайзия кереметинин” автору деп аташат. 2018-жылы ал кайрадан өлкөнүн премьер-министри болуп шайланган.

Пикир

Оставить комментарий