• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Малайзияда окуган Кызыл-Кыялык студент Радиктин ийгилиги

ТАГДЫР 0

Радик Сражидинов«One Billion Dollar» сайтына жарыяланган “Кичинекей шаардан келген кыргыз жигитинин бүгүнкү ийгилигине жеткирген күчтүү амбициялары” макаласынын каарманы, “Кабар” Кыргыз улуттук маалымат агенттигине бул макаланын өз котормосун чын дилинен сунуштады.

Радик Сражидинов Россияда туулган. Ал өзүнүн бар убактысын билим алууга жумшаган. Улуттук жана Эл аралык математикалык Олимпиададагы жетишкендиктери анын билим алууга болгон ышкыбоздугун көрсөтүп турат. Анын Россия, Кырызстан жана Малайзиядагы билим алуучулук, маданий жана социалдык тажрыйбасы ага бардык маселелерде туура чечим кабыл алууга өбөлгө болот. Ал дүйнөдөгү эң ири университеттердин бири, Азиядагы 1-орундагы жана дүйнөдө 28-орунда турган Гонконг университетинде толук стипендия алуу укугун алды. Анын хоббиси шахмат ойноо. Радик 3 жолу катары менен UPM (University Putra Malaysia) чемпиону болгон. CGPA 4.0 магистердик даражасына жетишкен, анын Active Noise Control прототиби эл аралык патент алган.

Радиктин ата-энеси

Радиктин ата-энеси Жусуп жана Жаркынай Ош облусунун Кулатов айылынан. Бала чагында анын үй-бүлөсү көп кыйынчылыктарды башынан өткөргөн. 90-жылдары алар Россиянын Воркута шаарына көчүп келишкен, мында атасы шахтер, апасы ишкер болуп эмгектенишчү. “Мен Воркута шаарында туулгам. Бул Россиянын түндүгүндөгү өтө кичинекей жана суук жер. Үй-бүлөдө 5 баланын улуусумун. Башталгыч мектепти аяктаган соң ата-энем мени дароо Кызыл-Кыя шаарындагы “Себат” жеке менчик мектебине жөнөтүштү. Ал жактан окуумду уланттым. Мектепте мен математикага кызыкчумун жана Кыргызстандын Улуттук математикалык Олимпиадасына катышып, күмүш жана коло медалдарды жеңип алгам. 2009-жылы Кыргызстандын атынан Германиядагы Эл аралык Математикалык Олимпиадага катышканмын”.

Малайзияга саякат

Мектепти алтын медаль менен аяктаган Радик Бишкектеги “Ата Түрк-Алат-Тоо” Эл аралык университетинде англис тилине окуган. Ал жактан инженерияга олуттуу түрдө кызыга баштайт. Кийин ага Малайзиянын Путра университетине электрондук инженерияга окууга чакыруу келет. Экинчи курста окуп жүргөндө Радик үйлөнүп, учурда жубайы Элиза менен 9 айлык кызы Камиланы тарбиялап жатышат. Анын добушту басуу боюнча долбоору Малайзияда 4-орунду ээлеп, натыйжада, Путра университетинен магистратурага окууга стипендия жана Innohub Putra Science Park программасынан прототипти жакшыртууга 30 миң АКШ долларын алууга мүмкүн болот.

23 жашында Радик автоматтык башкаруу жана системалык инженерия магистратурасын аяктап, илимдин кандидаты болду. Магистратураны Радик 8 айда алтын медаль менен бүтүргөн. Бул мезгилде ал жана анын профессору добушту активдүү басуу технологияларын иштеп чыгуу боюнча компания ачышып, 3 эл аралык макаланы жарыялашкан.

Гонконг илим жана технология университети

“Магистратураны аяктаган соң, мен бир нече ай япониялык Hitachi компаниясында иштедим. Анан мага Манчестер, Шеффилд, Путра университеттеринен аспирантурага сунуш түштү. Бирок мага Гонконг илим жана технология университети кызыгуу жаратты. Себеби, ал дүйнөлүк рейтингде жогору турат, ал эми университеттин стипендиясы окуу учурундагы бардык чыгымдарды жабат. Илимдин доктору болуу үчүн мен дагы 4 жыл окушум керек. Ошол эле учурда профессорума анын окутуучулук жана илимий ишинде жардам берүүгө тийишмин”, - дейт Радик.

Жашоодогу максаты

“Менин жашоодогу башкы максатым – бул менин бир тууган ини жана карындаштарымы жакшы билим алууга жардам берүү. Иним Нурсултан учурда Малайзияда Erican College англис тили курсун аяктады жана жакында HELP университетинде окуп баштайт. Экинчи иним Максат жакын арада Гонконгго келип мага кошулат, мында англис тилин үйрөнөт. Карындаштарым – Айнуру жана Аделина окууларын бүтүшө элек. Бирок Айнуру жакшы окуйт, менин жетишкендиктеримден ал ашып өтөт деп толук ишенем. Ошондуктан анын келечегине байланыштуу чоң пландарым бар. Мындан тышкары, келечек пландарымдын бири – таланттуу, жөндөмдүү окуучулардын мектебин ачуу. Мен студенттерге өз жөндөм-шыктарын өнүктүрүүгө жана дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрүнүн университеттеринде окууларына жардам бергим келет”, -деп ой бөлүштү Радик.

Кыргызстандын мектеп окуучуларына кеңеш

“Кимдин мүмкүнчүлүгү бар болсо, окуп, билим алгыла деп кеңеш берем. Сен кимсиң, кайда жашайсың жана сенин каржылык абалың кандай маанилүү эмес. Аракет кылып, ишенип жана эң башкысы кыялыңарды ишке ашырууга умтулгула. Акыркы мезгилде көпчүлүк адамдар өлкөгө салым кошуп жатабыз деген ойдо саясатты жана динди талкуулоого көп убакыт жумшап жатышат. Бирок, менимче, Кыргызстан мурда болуп көрбөгөндөй билимге муктаж болуп турат. Ар ким өлкөгө кошкон салымы тууралуу ойлонуп – Мекеним үчүн мен эмне кылдым? деп өзүнөн сурап турушу керек. Билимдүү өлкөдө бардыгы өз ордуна келерине мен ишенем”, - деп баса белгиледи Радик.

Пикир

Оставить комментарий