• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Малайзиялыктар кыргыз ат оюнчуларын ат оюндарынын эрежелерине үйрөтөт

Спорт 0


Бишкек, 17-май /Роман Гайнанов – Кабар/. Малайзиялык спортчулар Кыргызстандын ат оюнчуларын Endurance ат оюндарында чыдамкайлыкка үйрөтөт. Бул тууралуу Биринчи эл аралык Endurance ат спортунун фестивалына арналган пресс-райдингдин жүрүшүндө белгилүү болду.

Endurance ат спорту боюнча Биринчи эл аралык фестиваль Кыргызстанда биринчи ирет 20-майда Ысык-Көлдүн жээгинде Чолпон-Ата шаарында өтөт. Иш чарада бүтүндөй Азиядан кесипкөй ат оюнчулары эл аралык талаптарга ылайык мелдешишет.

“Бул иш чара кыргызстандык ат оюнчуларынын квалификациясын жогорулатуу жана эл аралык стандарттар менен таанышуу максатында өткөрүлүүдө. Чыдамкайлык ат оюндары аттарды жакшы абалда кармоого багытталган. Малайзиядан бул багытта окутулган 16 кесипкөй спортчу келген”, - деп белгиледи иш чараны уюштуруучу жана Кыргызстан-Малайзия корпорациясынын директору Рамис Карымшаков.

Enduranceriding – ат оюндарынын дисциплинасы, мында биринчилик спортчунун аралыкты ат менен өтүү убактысы менен аныкталат.

Кыргызстанда Endurance ат спортунун фестивалы Кыргызстан-Малайзия корпорациясы тарабынан биринчи ирет өткөрүлүп жатат. Фестивалдын кеңири түрүн ушул жылы күздө өткөрүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий