• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Малайзиянын жаңы элчиси КР ТИМ министринин орун басарына ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды

Саясат 0

Бишкек, 10.09.19. /Кабар/. КР тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов кайрадан дайындалган Малайзиянын Кыргызстандагы элчиси Хенди Ассандан ишеним грамотасынын көчүрмөсүн кабыл алган.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саясий жана экономикалык кызматташтыктын баардык аспектилерин талкуулашты, - деп билдирет КР ТИМдин басма сөз кызматы.

Абдрахманов Хенди Ассанды кайрадан элчи болуп дайындалышы менен куттуктап, иштерине ийгилик каалады.

Пикир

Оставить комментарий