• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Малавиде суу ташкыны 30 кишинин өмүрүн алды, дагы 230 миң адам үй-жайсыз калды

Дүйнө 0

Бишкек, 12.03.19 /Кабар/. Африканын Малави өлкөсүндө катуу жаандан улам суу ташкындап, 30 кишинин өмүрү кыйылып, 230 миңден ашуун адам үй-жайсыз калды.

Өлкөнүн коопсуздук министрлиги суу ташкындан жапа чеккен адамдар тамак-аш, чатыр, жууркан-төшөк, ичүүчү суу жана безгек оорусуна каршы дары-дармектерге өтө муктаж деп билдирди.

Малави өлкөсүнүн президенти Питер Мутарика суу каптаган аймакта өзгөчө кырдаал абалын жарыялады.

Пикир

Оставить комментарий