• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандан малды экспорттоого 8-июлдан баштап уруксат берилет

Экономика 0


Бишкек, 16.06.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандан малды экспорттоого 2021-жылдын 8-июлунан баштап уруксат берилет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары Илич Марсбек уулу билдирди.

Анын айтымында, 8-июлга чейин айрым товарларды экспорттоого тыюу салынган.

“Анын ичинде тоют, буудай, арпа жана башкалар бар. Бул тыюу салуу жыл аягына чейин узартылат. Бирок малды экспорттоого тыюу салуу алынып, уруксат бериле баштайт. Ал эми май, кумшекер жана тирүү малды импорттоодогу 12%дык кошумча нарк салыгын алып салуу боюнча долбоор министрлер кабинетине сунушталды”, - дейт ал.

Министрдин орун басары Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан 4 миң тонна буудайды тоок жана жумуртка өндүрүүчүлөргө жеңилдетилген шартта берүү пландалып жатканын айтат.

“Материалдык резервдер фондуна 15 миң тонна буудай сатып алуу планын койгонбуз. Ал көрсөткүчтү 20 миң тоннага чыгардык. Баасын ыйгайлуу түрдө бекитип, жакында сатып алабыз. Ошондой эле Кытайдан 40 миң тонна ун, 20 миң тонна өсүмдүк майын жана 20 миң тонна кумшекерди алып келүүнү макулдаштык. Алар атайын сактоочу жайда сакталат. Андан сырткары, Казакстандан 10 миң тонна ун алып келинет. Россиядан 5 миң тонна кумшекер, 1 миң тонна өсүмдүк май Кыргызстанга келген”, - деп кошумчалады Илич Марсбек уулу.

Пикир

Оставить комментарий