• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Малды идентификациялоо конкреттештирилип, кеӊейтилет

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек. 08.05.19 /Кабар/. Жогорку Кеӊеш жыйынында “Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 3-окууда каралып, добуш берүүгө жиберилди. Мыйзам долбоору боюнча Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин төрагасы Айтмамат Назаров баяндама жасады.

Мыйзам долбоору жаныбарларды, ошондой эле жаныбардан алынган азыктарды идентификациялоо, каттоо, байкоо жүргүзүүнү менен байланышкан мамилелерди жөнгө салат, жаныбарларды идентификациялоонун уюштуруучулук, укуктук жана каржылык негиздерин аныктайт жана Кыргыз Республикасынын аймагында бул ишти уюштуруунун жана жүргүзүүнүн негизги принциптерин белгилейт жана идентификацияланган жаныбарлар жана жаныбардан алынган азыктар боюнча так маалыматтарды алууну камсыздоого шарт түзүүгө багытталган.

Колдонуудагы мыйзамда белгиленген шарттар жаныбарларды идентификациялоо менен байланышкан мамилелерди жөнгө салат. Бирок бул укуктук актынын ченемдери коммерциялык максаттагы айыл чарба жаныбарларын идентификациялоого багытталган. Тагыраак айтканда, эркин жүргөн жана короодо кармалган малды идентификациялоо механизмдери көрсөтүлбөй калган. Ошого байланыштуу мыйзам долбоору менен малды идентификациялоо конкреттештирилип, кеӊейтилүүдө.

Мындан сырткары, мыйзам долбоорунда расмий идентификациялоо жана каттоо системасы түзүлбөгөн өлкөлөрдөн импорттолуп келинген, ошондой эле үй шартында, зоологиялык парктарда, цирктерде, кармоо үчүн эксперименттик жаныбарлар катары, коммерциялык максаттарда пайдаланууга алынып келинген, идентификацияланбаган жаныбарлар боюнча жобо каралууда. Ага ылайык, чарбага келип түшкөн убакыттан баштап 30 күндөн ашпаган мөөнөттө идентификациялануусу жана каттоодон өтүүсү керек.

Талкууда бир катар депутаттар мыйзам долбоорун колдоо зарылдыгын, долбоор кабыл алынганда анын аткарылышын камсыздоо керектигин баса белгилешти. Ошону менен катар бирканы малдын кулагына тагуу менен эле идентификация процесси бүтүп калбастыгын, малдын андан аркы багылышына, сатылышына, союлушуна чейинки процесстерин тыкыр көзөмөл жүргүзүү керектигин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий