• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Малдын өлүктөрү көмүлгөн жайлар боюнча эрежелерди бузгандарга айыппул күчөтүлөт

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек 13.09.18. /Кабар/. Бүгүн, 13-сентябрда Жогорку Кеңеш жыйынында «Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору 3-окууда каралды. Мыйзам долбоорунун демилгечилери - Жогорку Кеңештин депутаттары Э.Байбакбаев, Д.Исаева, П.Тулендыбаев, А.Исмаилова.

Мыйзам долбоору менен мал жандыктарын идентификациялоо эрежелерин жана талаптарын бузган жарандарга 50 эсептешүү көрсөткүчүндө, кызмат адамдарына 75 эсептешүү көрсөткүчүндө административдик айыппул салуу каралган. Ошону менен катар ветеринардык-санитардык эрежелерди бузган, айыл чарба жана үй жаныбарларынын өлүктөрүн көмүү үчүн бөлүнүп берилген жайларды кармоо эрежелерин бузган же ал жайларга мал жайган жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн 50 жана кызмат адамдарына 100, юридикалык жактарга 150 өлчөмүндө адимнистративдик айыппул салуу камтылган.

3-окуудагы мыйзам долбоору добуш берүүгө жиберилди.

Пикир

Оставить комментарий