• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Малдын өлүктөрү көмүлгөн жайларды кайтаруу эрежелерин бузгандарга айыппул жогорулайт

Коом 0

Бишкек, 27.06.18. /Кабар/. Бүгүн, 27-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында «КР Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору 2-окууда каралды. Демилгечилер: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Э.Байбакпаев, Д.Исаева, П.Тулендыбаев, А.Исмаилова.

2-окуудагы мыйзам долбоору боюнча Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Рада Туманбаева баяндама жасады.

Маалыматка ылайык, мыйзам долбоору мал жандыктарын идентификациялоонун эрежелерин жана талаптарын, ошондой эле малдын өлүктөрү көмүлгөн жайларды кайтаруу жана кармоонун эрежелерин бузгандыгы үчүн көзөмөлдү жана жоопкерчиликти жогорулатууга багытталган.

1-окуудагы талкууда идентификациялоо жана малдын өлүктөрү көмүлгөн жайларды кайтаруу эрежелерин бузгандыгы үчүн айыппулдун өлчөмүн 1000 сомго түшүрүү боюнча сунуштар айтылган. Демилгечи депутат Экмат Байбакбаев азыркы кезде 1000 сом айыппул деген арзыбаган каражат экенин айтып, мындай өлчөм менен долбоор кабыл алынса, мыйзам аткарылбай калаарын айткан. Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы дагы ушундай пикирди кармана тургандыгын билдирген. Тармактык комитет мындай жүйө менен макул болуп, демилгечилер сунуштаган долбоордогудай жарандарга 5000 сом, юридикалык жактарга 7500 сом өлчөмүндө айыппулду калтыруу боюнча долбоорду колдоп беришкен.

Талкууда эл өкүлдөрү мыйзам долбоору кабыл алынып, иштеп кетишин шарттаган жагдайларды такташты. Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Рада Туманбаева мыйзам долбоору боюнча сентябрь айында парламенттик угуу өткөрүлөөрүн маалымдады.

Мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Пикир

Оставить комментарий