• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Малик Абакиров: Ишкерлерди жер-жерлерде колдоо — негизги артыкчылык

Экономика 0

Бишкек, 14.01.20. /Кабар/. 2019-жылы «Кепилдик фонд» тарабынан ишкерлерге жалпы суммасы 921 млн сомдук 946 кепилдик берилип, анын көпчүлүк бөлүгү аймактык долбоорлорго багытталган. Бул тууралуу бүгүн, 14-январда, «Кепилдик фонд» ААКнын төрагасы Малик Абакиров билдирди.

Анын маалыматына ылайык, өткөн жылы фонддун уставдык капиталы 582 миллиондон 1 132 млн сомго чейин көбөйүп, өсүш 195% түзгөн, 946 кепилдик берилген жана 2018-жылдын көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу 226%га өскөн.

«Берилген кепилдиктердин суммасы Кепилдик фонддун капиталынан 150%га жогорулаган, анын көпчүлүк бөлүгү аймактарга багытталган. Өткөн жылы кепилдиктердин жалпы суммасы 921 млн сомду түзүп, бул 2018-жылга караганда 182%га көп. 2020-жылы биз жалпы сумманын көлөмүн 1 млрд 200 млн сомго чейин көбөйтүүнү көздөп жатабыз. Акчалай, берилген кепилдиктердин суммасы бардык аймактарда 2018-жылга салыштырмалуу 108ден 300%га чейин өстү», — деп айтты ал.

Берилген кепилдиктердин негизги багыттары тууралуу «Кепилдик фонддун» төрагасы, өзгөчө көңүл кайра иштетүү тармактарына, логистикалык борборлорду жана мал соючу жайларды курууга бурулгандыгын айтты.

«Өткөн жыл биз үчүн жана жалпысынан өлкөнүн кайра иштетүү тармагы үчүн абдан натыйжалуу болду. Мамлекет башчысынын аймактарды өнүктүрүү саясатын ишке ашыруу максатында, негизги басым аймактык долбоорлорго жасалды. Буга мисал катары Ош облусундагы экспортко багытталган текстилдик фабриканы келтирсек болот. Ошондой эле Бишкекте резиналык бут кийим чыгаруучу фабрикасын, Ош шаарындагы аймактардагы „Таза суу“ долбоорун ишке ашырууда көмөктөшүп жаткан пластикалык түтүктөрдү чыгаруучу заводун айта алабыз. Аймактарда жаңы ишканалардын ачылышы менен жумуш орундары да көбөйдү», — деп билдирди ал.

Жыйынтыгында, Малик Абакиров «Кепилдик фонд» өлкөнүн экспорттук потенциалын колдоого багытталган ишмердигин уланта берерин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий