• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Маликов: КРде көптөн бери президент менен жарандык коомдун жемиштүү жолугушуусу боло элек болчу

Коом 0

Бишкек, 19.07.18. /Кабар/. Кыргызстанда көптөн бери президент өзү жарандык коом менен жолугушу өткөргөн иш-чара боло элек болчу. Буга чейин жарандык коомдун, өкмөттүк эмес уюмдардын жана ар кандай фонддордун өкүлдөрү бийлик тарабынан оппозиция катары кабыл алынчу. Бирок президент Сооронбай Жээнбеков бардыгын сызып салып, абдан жемиштүү жана иштиктүү жолугушуу өткөрдү. Президенттин жарандык коомдун өкүлдөрү менен болгон жолугушуусу тууралуу өз оюн “Дин, укук жана саясат” көз карандысыз аналитикалык борборунун директору Кадыр Маликов билдирди.

Анын айтымында, президент менен болгон жолугушуу ачык өтүп, анда ар тараптын пикири айтылды. Маликов билдиргендей, башкысы бардык ой-пикирлерди жана божомолдорду мамлекет башчысы укту.

“Көп убакыттан бери биринчи жолу президент өзү башында турган өлкө жетекчилиги жарандык коомдук өкүлдөрү менен ачык сүйлөшүүгө чыкты. Бүгүн биз ЖМК өкүлдөрүсүз бардык иштер боюнча ачык сүйлөшүп, ар кандай багыт боюнча өлкөдөгү абалды талкууладык. Тактап айта турган болсом, сот системасын реформалоо, коррупцияга каршы күрөш, экономика, экология көйгөйү жана диний маселелер боюнча жакшы ойлор ортого салынды. Үстүдө аталган багыттар боюнча жарандык коомдун өкүлдөрү тарабынан реалдуу сунуштар айтылды. Сооронбай Жээнбеков бизди өнөктөш катары кабыл алгандыгы жана бардык сунуштарды эске алгандыгы кубандырат”, -деп билдирди К.Маликов.

Маликовдун оюу боюнча, президент менен болгон жолугушуу өлкөдөгү демократияны бекемдөөдө жакшы жышаан болуп, ачык диалогду орнотуу жолундагы стратегиялык туура кадам болду.

Эске сата кетсек, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-июлда Кыргызстандын жарандык секторунун өкүлдөрү менен жолугушту.

КР президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, мамлекет башчысы менен жолугушууга 40 өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү жана коомдук активисттер чакырылган.

Пикир

Оставить комментарий