• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Мамагенттик Кыргызстандын жаштарын каникул учурунда убакытты пайдалуу өткөрүүгө чакырат

Коом 0


Бишкек, 17.03.20. /Кабар/. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги Кыргызстандын жаштарын каникул учурунда убакытты пайдалуу жана мазмундуу өткөрүүгө чакырат.

"Бул өзүңө салым кошо турган мыкты учур! Жаңы нерселерди үйрөнүңүз, эртең менен көнүгүүлөрдү жасап баштаңыздар, түрлүү тамактарды жасаңыздар, жаңы китептин каармандары менен таанышыңыздар, жаңы таланттарды ачыңыздар! Эң башкысы сүйүктүү жана жакын адамдарыңызга көбүрөөк убакыт бөлүүгө мүмкүнчүлүк пайда болду", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, дүйнөдөгү коронавирустун тарашы боюнча эсеп жүргүзгөн картага ылайык, учурда аталган илдетти 182 миң 405 адам жуктурду.

Пикир

Оставить комментарий