• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мамагенттиктин директору Каракол шаарындагы ат майдан менен таанышты

Спорт 0

Бишкек, 21.01.21. /Кабар/. Күн мурун, 20-январда Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Канат Шабданбаев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында «Бийлик/Бизнес - бир багыт» бизнес диалогуна катышты.

Аталган агенттиктин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар Ысык-Көл облусунун өнүгүшү жана потенциалы жөнүндө кеңири маалымат алышты.

«Ысык-Көл облусунда спортту кеңири жайылтуучу курал катары спорттук инфраструктуранын абалын өркүндөтүү керек», - деп белгиледи К. Шабданбаев өз сөзүндө.

Мындан сырткары, Канат Шабданбаев Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы ат майдандын абалы менен таанышты. Каракол шаарынын ат майданы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун балансында 2015-жылга чейин болгон. Бул объект азыркы учурда Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясынын балансында турат.

«Ат майданды реконструкциялоо өтө маанилүү, анткени жыл сайын ат оюндарына калктын жана чет элдик коноктордун кызыгуусу артууда. Бул Каракол шаарынын туристтик жагымдуулугун арттырууга түрткү болот. Ат майдан толук кандуу иштеши үчүн биз объектини инвесторлорду тартуу менен реконструкциялоого кызыкдарбыз», - деп кошумчалады Шабданбаев.

Пикир

Оставить комментарий