• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Мамархкурулуш агенттиги Бишкектеги курулуп жаткан үйдүн урашынын себебин айтты

Коом 0

Бишкек, 23.10.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Бишкектеги Токомбаев көчөсүндө курулуп жаткан үйдүн урашына өндүрүш эрежелерин бузуу себеп болгон. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынын архитектуралык-курулуш көзөмөл башкармалыгынын башчысы Таалай Аширбаев билдирди.

Эскерте кетсек, бүгүн Бишкектеги Токомбаев көчөсүндө курулуп жаткан үйдүн бөлүгү урап, натыйжада 6 адам жабыркады. Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, алардын экөө ооруканага жаткарылган.

Аширбаевдин айтымында, уроонун так себеби такталууда, бирок, алдын ала маалымат боюнча, калыптарды орнотуу тиешелүү түрдө жасалбагандыктан, бетонду куйганда курулуш урап калган.

“Негизи бул ишти техникалык көзөмөлдөөчү жана иш башкаруучу көзөмөлдөөсү керек. Курулуш план боюнча жүрүп жаткан, биз бул ишти көзөмөлдөп чыкканбыз”, -деди ал.

Аширбаев Мамэкотехинспекциянын эмгекти коргоо жана эмгек мамилелери бөлүмү тарабынан так себебин аныктай турган комиссия түзүлөрүн белгиледи.

Ошондой эле ал, натыйжада бир нече адам жабыркап, бирөө ооруканага жаткырылганын айтты.

Күбөлөрдүн айтымында, курулуп жаткан имараттын экинчи кабаты ураган.

Пикир

Оставить комментарий