• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мамасалиев “Ак аюу”: Апам спорттун бул түрү менен машыгуума каршы (ВИДЕО)

Спорт 0


Бишкек, 08.12.17./Кабар/. Бүгүн, 8-декабрда Бишкекте “Jash Kuch fighting championship - JFC 2017” таймашынын алдында балдандар таразага түшүп, өз салмактарын текшеришти.

Ал эми эртең, 9-декабрда борбордогу Кожомкул атындагы спорт сарайда "Жаш күч" спорттук клубунун аралаш мушташ боюнча "Jash Kuch Fighting Championship-2017" эл аралык турнири өтөт.

Бардыгы болуп программада 12 беттеш бар.

100 килограммдан өйдө мушкерлер чемпиондук кур үчүн беттешет. Алар: Юрий Проценко (Украина) — Мыктыбек Мамасалиев (Кыргызстан).

Таймаш алдында “Ак аюу” каймана аты менен таанымал Мыктыбек Мамасалиев “Кабар” агенттигине кыска маек куруп, эртеңки боло турчу таймашка болгон даярдыгы тууралуу айтып берди.

Пикир

Оставить комментарий