• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Маматалиев ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин өкүлдөрү менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 04.12.20. /Кабар/. Күн мурун КР Мамлекеттик кадр кызматынын директору Абдырахман Маматалиев ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Кадр кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуу 3-декабрь - Эл аралык майыптар күнүнө карата өткөрүлдү.

Жолугушууга ЕККУнун Бишкектеги кеңсесинин Адам ченеми департаментинин жетекчиси Юлия Нетесова, жогоруда белгиленген департаменттин улук программалык ассистенти Тимур Хасанов, майыптуулугу бар адамдарды коргоо боюнча комитеттин төрагасы Толкунбек Исаков, “Биз барбыз, биз биргебиз” коомдук фондунун төрайымы Гулзана Жаркынбаева, “New age” коомдук фондунун төрагасы Аскар Турдугулов катышты.

Жолугушуунун башында Мамлекеттик кадр кызматынын директору Маматалиев сөз сүйлөп, өз сөзүндө майыптуулугу бар жарандардын мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматка орношуусунда көмөк көрсөтүү маселесине басым жасады.

“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча Кеңеш бар. Ал Кеңеш бардык мамлекеттик жана муниципалдык органдардын ишин тескейт. Келечекте ошол Кеңешке майыптуулугу бар жарандардан бир өкүлдү кошуу максатыбыз бар. Ошондой эле ар бир мамлекеттик органдардагы кадрларды тандоо боюнча конкурсттук комиссияларынын курамына да майыптуулугу бар жарандарыбызды кошсок деп турабыз. Учурда мамлекеттик органдардагы конкурстук комиссиянын курамдары жаңыртылууда. Комиссияга көп жылдар бою мамлекетке кызмат кылган ардактуу ардагерлер, демилгелүү, прогрессивдүү жаштардан өкүлдөр жана мамлекеттик кызмат тармагын эң жакшы билген эксперттер киришет. Андан тышкары, майыптуулугу бар жарандарга алардын мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштөөсүнө шарт түзүп берүү зарыл. Мисалы, алардын имаратка кирип чыгуусундагы ыңгайлуулукту түзүү максатында лифт, пандус орнотуу”, - деди Мамлекеттик кадр кызматынын директору.

Ошондой эле Маматалиев ЕККУнун өкүлдөрүн Карьералык кадрлар резерви түзүлө тургандыгын маалымдап, алардын катарын майыптуулугу бар жарандар да толукташы керек жана аларга да башка жарандардай эле бирдей шарт түзүп берүү маанилүү экендигин билдирди.

Андан соң, ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин Адам ченеми департаментинин жетекчиси Юлия Нетесова сөз сүйлөп, Мамлекеттик кадр кызматынын директоруна ЕККУ тараптан көтөрүлүп жаткан бардык демилгелерди колдоп жаткандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

“Майыптуулук – бул оору эмес. Майыптуулук – бул тоскоолдук. Ал тоскоолдукту жеңе билүү керек. Азыркы тапта, Мамлекеттик кадр кызматы майыптуулугу бар жарандардын мамлекеттик жана муниципалдык кызматка орношуусундагы жаралып жаткан тоскоолдуктарды жою боюнча көрүлүп жаткан чараларын ЕККУ толук түрдө колдойт”, -деди ЕККУнун өкүлү Юлия Нетесова.

Жолугушуудан соң Мамлекеттик кадр кызматынын директору А.Маматалиев ЕККУнун өкүлдөрү менен биргеликте ЕККУ тарабынан Мамлекеттик кадр кызматына тапшырылган майыптуулугу бар жарандарга ылайыкташтырылган эмеректер, кулагы начар уккандарга жардам бере турган техникалык жабдыктар менен таанышып чыгышты.

Маалымат үчүн: Бүгүнкү күндө мамлекеттик жарандык кызматта иштеген 15 миң 819 кызматкерлердин 157 кызматкери ар кандай категорияда майыптуулугу бар. Ал эми муниципалдык кызматта эмгектенген 8366 кызматкерлердин 191 кызматкерлери ар кандай категория боюнча майыптуулугу бар.

Пикир

Оставить комментарий