• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Маматалиев: Ноокат районунда 12,5 миң үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү

Аймак 0

Бишкек, 19.04.20. /Кабар/. Ош облусунун Ноокат районунда 12,5 миң үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Ноокат районунун акими Давранбек Маматалиев билдирди.

Анын айтымында, район боюнча азык-түлүк жетиштүү.

"Мамлекет тарабынан бөлүнгөн 9 миң 537 кап ун жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте муктаж болгон үй-бүлөлөргө таратылып берилди. Жеке ишкерлер тарабынан да жардам көрсөтүлүп жатат. Райондо 12,5 миң үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү", - деди ал.

Маматалиев белгилегендей, жазгы талаа иштери болсо өз нугунда жүрүп жатат.

"Мисалы буудай былтыркы жылга караганда 256 гектарга көп айдалды. Жер семирткичтер дыйкандардын үйлөрүнө чейин жеткирилүүдө. Үрөндү да жеткирүү боюнча иштер жүрүп жатат", - деп билдирди аким.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда киргизилген өзгөчө абалдын режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле ал убакытка чейин өзгөчө абал тартиби Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий