• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Мамбашкаруу Академиясында улуттук резерв кадрларына талапкерлерди тестирлөө өттү

Коом 0

Бишкек, 14.03.18 /Мирлан Киизбаев – Кабар/. КР Президентине караштуу Мамлекеттик Башкаруу Академиясында улуттук резерв кадрларына талапкерлерди тестирлөө өттү. Бул тууралуу КР ПМБА басма сөз кызматы билдирди.

Тестрилөө КР Мамлекеттик кадр кызматы тарабынан КРПМБАнын аракеттешүүсү менен КР мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарынын улуттук резерв кадрларына киргизүү сынагынын алкагында өткөрүлдү.

Практикалык тапшырмалар баскычында 224 адам катышып, алардын ичинен 171и Академиянын базасында өткөн.

Пратикалык тапшырмалар баскычына:

- өлкөнү өнүктүрүүнүн перспективдүү багыттары боюнча маселелер;

- башкаруучулук компетенцияларын аныктоо үчүн кырдаалдык тапшырмалар жана кейстер;

- аналитикалык ой жүгүртүү деңгээлин аныктоо үчүн суроолор.

Пикир

Оставить комментарий