• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда 38-41 жылдан бери мектеп директорлугунан түшпөй келгендер бар

Билим 0

Бишкек, 13.07.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанда айрым мектеп директорлору 38-41 жылдан бери иштеп келүүдө. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында билим берүү жана илим министринин орун басары Уланбек Мамбетакунов билдирди.

Анын айтымында, өлкө аймагында 2 миң 233 мектеп болсо, 966 мектепте директорлор беш жылдык мөөнөттөн ашык иштеп жаткандыктан сынак жүрөт.

“Мектептер боюнча анализ жүргүздүк, айрым мектеп директорлору өздөрүнүн ордуларында 38-41 жылдан бери эмгектенип келе жатышат. Конкурстун негизги максаты – директорлордун аброюн түшүрүү эмес, баарына бирдей мүмкүнчүлүк түзүп берүү", - деди ал.

Эскерте кетсек, кечээ, 12-июлда президент Садыр Жапаров мектеп жетекчилерин конкурстук негизде беш жылдан ашык эмес мөөнөткө тандоо боюнча жарлыкка кол койгон.

Пикир

Оставить комментарий