• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Мамбеталиев: Калкты тейлөө борборуна кайрылган 4,5 миң окуучунун 3,7 миңден ашыгына жардам берилди

Коом 0

Бишкек, 22.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Калкты тейлөө борборуна кайрылган 4,5 миң окуучунун 3 миң 705ине жардам берилди. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиев билдирди.

Анын айтымында, мектептин 4,5 миңдей окуучусу жогорку окуу жайга өтүү үчүн паспорт маселеси боюнча кайрылган.

"Калкты тейлөө борборунун кызматкерлери Билим берүү жана илим министрлиги менен бирге окуучулардын тизмегин иштеп чыкты. Азыр 4,5 миң окуучунун ичинен 3 миң 705ине жардам көрсөтүлдү. Калгандары борборлорго кайрылып жатат", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий