• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мамбеталиев кечээ Калкты тейлөө борборлорунда эмне себептен кезек түзүлгөнүн айтып берди

Коом 0

Бишкек, 22.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Мамлекеттик каттоо кызматы 21-майдан баштап өз ишин баштады. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиев билдирди.

Анын айтымында, Мамлекеттик каттоо кызматы буга чейин Бишкек шаарында, Жалал-Абад облусунда, Ноокат, Кара-Суу, Сузак, Ат-Башы райондорунда жабык болчу.

"Учурда Кыргызстан боюнча 20 Калкты тейлөө борбору иштеп баштады. Андан сырткары, "Унаа" мекемеси да ишин жандантты. Бишкек шаары боюнча 9 миңдей жаран кайрылды. Кайрылгандардын көбү чет элдик жарандар болду. Республиканын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандар өзгөчө абалдын тартиби алынгандан кийин каттоону 10 жумушчу күндүн ичинде узарта алышат. Ошондой эле кечээ Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2004 жана 2006-жылдын 1-январдан 30-декабрга чейинки мөөнөтү өтүп кеткен үлгүсүндөгү паспорттордун мөөнөтүн узартуу жөнүндө токтому чыгып, чет өлкөдө жүргөн жарандар үчүн артыкчылык чаралар каралган", - дейт ал.

Мамбеталиев маалымдагандай, кечээ, 21-майда Калкты тейлөө борборунда саат 9дарда кезек күтүүчүлөрдүн саны көп болду.

"Бирок саат 2лерде кезек азайып калды. Милиция жана мэриянын кызматкерлери жардам беришти. Мыйзамга ылайык, жарандардын каттоосуна карабай каалаган Калкты тейлөө борборлоруна кайрылса болот. Ошондуктан Бишкек шаарында иштеп жүргөн жарандарыбыз шаардан эле кайрылгандыктан кезек күтүүлөр көп болду. Мурун өзүнүн облусунан кайрылышчу", - деп кошумчалады Мамбеталиев.

Пикир

Оставить комментарий