• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Мамбеталиева Саляновага Елисеевдин лицензиясын узартуу демилгесин алып кирген себебин айтып берди

Укук тартиби 0

Бишкек, 3-июль /Мехриниса Сулайманова - Кабар/. Адилет министрлигинин мурдагы орун басары Жылдыз Мамбеталиева ошол кездеги министр Аида Саляновага Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узартуу долбоорун өзү жеткиргендигинин себебин түшүндүрдү. Бишкек шаардык Ленин райондук сотундагы соттук процесстин жүрүшүндө министрдин Ж. Мамбеталиева мындай чечимге, өлкөдөгү саясий кырдаал жана Елисеевдин жеке адамдык сапаты түрткү болгонун билдирди.

Эскерте кетсек, 2016-жылдын 26-декабрында мурдагы Башкы прокурор, экс-юстиция министри, учурдагы ЖК депутаты Аида Саляновага кылмыш иши козголгон. Белгилүү болгондой, 2010-жылы Адилет министрлигинин милдетин аткарып турганда, Аида Саляновага 2010-жылдагы апрель окуясынан кийин издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан деген айып тагылууда. 13-марттагы УКМКнын сурагынан кийин Аида Салянованын үстүнөн “кызмат абалынан кыянаттык менен колдонгон” деген берененин негизинде кылмыш иши козголгон.

“Эгерде ошол учурда өлкөдө кырдаал башкача болгондо лицензия жалпы тартипте жаңыланмак. Кырдаалды эске алып жана министрлик мамлекеттик мекеме болгондон кийин-чечимдер министр тарабынан кабыл алынгандыктан мен бул боюнча ага билдиргем”,-деди Мамбеталиева.

Ошондой эле, ал лицензияны жаңылоо квалификациялык комиссиянын функциясына кирбейт деди.

“Буйрук алдын ала башкармалык тарабынан даярдалат. Ал эми адвокаттын өздүк иши министрдин орун басарына жана министрге киргизилгенде буйрук өздүк ишинде тиркелүү болот. Бул процедуралык маселе, лицензиянын материалдарсыз макулдашылганы практикада жок”,- деп билдирди ал.

Өз кезегинде, айыпталуучу Аида Салянова Жылдыз Мамбеталиева ошол буйрукка кол кой деп шаштырганын айтты.

Пикир

Оставить комментарий