• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Мамбетов Ош шаарынын муниципалдык аймактык башкармалыктарынын башчылары менен жолугушту

Аймак 0

Бишкек, 10.08.21. /Кабар/. Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Алмаз Мамбетов Ош шаарынын муниципалдык аймактык башкармалыктарынын башчылары менен жыйын өткөрдү.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө МАБдын төрагалары өз иштери жана алар туш болгон кыйынчылыктар тууралуу айтып беришти.

Мэрдин өзгөчө көңүлүн муниципалдык аймактык башкармалыктардын деңгээлинде жүргүзүлгөн муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү, анын ичинде электрондук документ жүгүртүү системасын (ЭТББ) киргизүү, МАБдардын бирдиктүү маалымат базасын түзүү жана аныктамаларды берүү маселелерине бурду.

"Сиздер аймактардын ишенимдүү ээлери болуп саналасыздар. Учурдун талабы бул санариптешүү. Алгач сиздердин ишиңиздерге шарт түзүү зарылчылыгы турат. Кандай процесс болбосун автоматташтырылышы керек, бул мезгилдин талабы. Статистика боюнча маалыматтар болгондо, бухгалтердик эсеп болгондо башкаруу оңой болот. Бул багыт менен бардык кыйынчылыктар чечилиши мүмкүн. Санариптешүү багытына көмөмөк көрсөтүү үчүн атайын IT-адистер келген", - деди шаардын мэри.

Ошондой эле Алмаз Мамбетов шаардыктар шаардык мэрия менен биргеликте ишке ашырган долбоорлорду биргелешип каржылоону колдоорун билдирип, жарандарга шарт түзүүнү эске алуу менен бул системаны андан ары өнүктүрүүнү тапшырды.

Жыйындын жүрүшүндө кварталдык комитеттердин жана үй комитеттеринин иштөө шарттарын жакшыртуу маселелери талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий