• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Мамбюджеттин кирешесинин жалпы көлөмү 4,4%га өстү – КР Каржы министрлиги

Коом 0


Бишкек, 27.04.18. /Кабар/. Мамлекеттик бюджеттин үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталындагы кирешесинин жалпы көлөмү 32 млрд 374,3 млн сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4,4%га өскөн. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында КР каржы министринин орун басары Мирлан Байгончоков билдирди.

Анын маалыматы боюнча, белгиленген план 102,7%га аткарылган. Бул номиналдык көлөмдө 852,1 млн сомду түзөт. Ал эми буга чейинки көрсөткүчтөрдөн артыкчылыгы - 1 млрд 354,3 млн сом.

Ал Улуттук статистика комитетинин болжолдуу маалыматтары боюнча үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында ички дүң продуктунун чыныгы өсүүсү 1,3% же 98,3 млрд сом болгонун маалымдады.

“Атайын каражаттарды жана мамлекеттик инвестициялар долбоорлорун эске алуу менен мамлекеттик бюджетти аткаруу кирешелер боюнча 32,4 млрд сомду түздү. Ал эми жалпы чыгашалар – 31,3 млрд сом. Мындан улам, кирешелердин чыгашалардан артыкчылыгы 1,1 млрд сомду түзөт”, - деп белгиледи министрдин орун басары.

Ошол эле учурда көрсөтүлгөн мезгилдин жыйынтыгы боюнча республикалык бюджеттин киреше жана чыгашалары 28,6 млрд сом деңгээлинде көрсөтүлдү.

“Болжолдуу маалыматтар боюнча, 2018-жылдын биринчи кварталында республикалык бюджетке 31 млрд 674 млн сом өлчөмүндө же 113,6% ресурс түшкөн. Жалпы көлөмү боюнча салыштырмалуу басымдуу бөлүгүн Мамлекеттик салык кызматынан түшүүлөр түзөт”, - деди Байгончоков.

Ошентип, Мамлекеттик салык кызматынан түшүүлөрдүн суммасы жалпы көлөмдүн 45,1% түздү же пландын 100% аткарылышы менен 14 млрд 294 млн сом. Андан соң Мамлекеттик бажы кызматынан түшүүлөр - 21,6%, пландын 121,7%га аткарылышы менен номиналдык көлөмдө 9 млрд 369,9 млн сом. Мамлекеттик баалуу кагаздарды сатуудан түшкөн кирешелер 17,5% жана бюджеттик ссудалардын кайтарылышы 2,7% түзгөн.

“Республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн атайын каражаттарсыз жана мамлекеттик инвестициялар долбоорлорунун каражаттарысыз биринчи кварталда жалпы көлөмү 29 млрд 792,1 млн сомду түзүп, 90,3%га аткарылды. Ошону менен бирге корголгон беренелер боюнча мекемелерден түшкөн бардык өтүнүчтөр 100%га канааттандырылган – бул эмгек маяналары, дары-дармектер, жөлөкпулдар, Социалдык фондго чегерүүлөр”, - деп билдирди министрдин орун басары.

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу, анын маалыматында, республикалык бюджеттин чыгашалары 6% же 1 млрд 681,3 млн сомго көбөйгөн. Республикалык бюджеттин чыгашалары корголгон беренелер боюнча 22 млрд 35,9 млн сом түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине карата 1 млрд 492,3 млн сомго же 7,3%га өскөн.

Пикир

Оставить комментарий