• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Мамдепартамент делегациясы Ташкентке келет

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек,12.09.18. /Кабар/. 12-сентябрда Өзбекстанга Мамлекеттик департаменттен АКШ мамлекеттик катчысынын экономика жана бизнес маселелери боюнча жардамчысынын орун басары Брайан МакФитерс баштаган делегация келет.

Визиттин алкагында АКШ делегациясы бир катар министрликтер менен жолугушат. Тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык тармактарда кызматташуунун келечектерин талкуулашат.

Мындан тышкары АКШ Мамлекеттик департаментинин дин тутуу эркиндиги боюнча өкүлү Сэм Браунбэк 10-19-сентябрь аралыгында Өзбекстанда болот.

Ал дин тутуу эркиндиги боюнча кабыл алынган позитивдүү кадамдарды талкуулап, бул багытта реформаларды алдыга жылдырууну жактайт.

Пикир

Оставить комментарий