• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Мамдепартамент: Казакстан «экстремизмге» каршы күрөштө дин эркиндигин чектеп жатат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 20.09.18. /Кабар/. Былтыр дүйнөдө террористтик чабуулдардын саны кескин азайып, буга «Ислам мамлекети» экстремисттик тобунун алсырашы себеп болду. Бул тууралуу АКШ Мамлекеттик департаментинин 19-сентябрда жарыяланган терроризм тууралуу ар жылкы баяндамасында айтылган.

Баяндаманын Казакстанга арналган бөлүгүндө өлкө «экстремизмге» каршы күрөшүүдө дин эркиндигиндеги чектөөлөрдү күчөткөнү жазылган. Анда мисал катары былтыр мыйзамга киргизилген террористтик кылмыштар үчүн жарандыктан ажыратуу тууралуу өзгөртүүлөр келтирилген.

Баяндаманын авторлору өлкөдө «экстремизм» айыбы менен соттолгондор менен алардын туугандарын реабилитациялоо боюнча программалар ишке ашып жатканын, бирок анын жыйынтыктары так белгисиз бойдон калып жатканын белгилешкен.

Алардын пикиринде, башка өлкөлөрдөгү согуштарга катышып келген адамдарга карата казак бийлиги эки башка мамиле жасоодо: бул багытта көрүлүп жаткан чаралар алардын айрымдарын реабилитациялоого, башкаларын камакка алып, кылмыш жоопкерчилигине тартууга багытталган.

Казакстан мыйзамдарына ылайык, жалданмачылык жана башка өлкөлөрдөгү куралдуу согуштарга катышуу үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган.

Пикир

Оставить комментарий