• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Мамдума чет өлкөлүк медиага айып пул салуу мыйзам долбоорун карайт

Дүйнө 0

Бишкек, 29.11.17 /Кабар/. Орусия Мамдумасына “чет элдик” агент макамына ээ ММКлардын ишмердүүлүгүндөгү тартип бузуулар үчүн 5 миллион рубль айып пул салуу боюнча мыйзам долбоору киргизилди. Бул тууралуу Интерфакс кабарлоодо.

Долбоорго ылайык, ММК жөнүндөгү “чет элдик агент” мыйзамын алгач ирет бузган физикалык жактар 10 миң рубль, юридикалык жактар 500 миң рублга чейин төлөшөт. Экинчи жолу бузган учурда физикалык жактарга 50 миң рубль, юридикалык жактарга бир миллион рублга чейин айып пул салынат. Андан кийин мыйзам бузган физикалык жактарга 100 миң рублдан кошулуп турат же 15 күндүк камоо чарасы каралат. Юридикалык жактар үчүн айып пул 5 миллион рублга чейин көбөйөт.

Авторлордун планы боюнча мыйзам долбоору 2018-жылдын 1-январында ишке кирет.

Өткөн жумада Орусия парламенти кабыл алып жана президент Путин кол койгон мыйзам бийликке чет өлкөдөн каржыланган маалымат каражаттарын «чет өлкөлүк агент» деп жарыялоого, аларды чектеген чараларды киргизүүгө мүмкүнчүлүк берди.

Евробиримдик, АКШ жана эл аралык укук коргоо уюмдары бул мыйзамды кескин сындашууда.

Пикир

Оставить комментарий