• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мамдума Путинден кыргызстандыктарга улуттук күбөлүк менен иштөөгө уруксат берүүнү суранышты

Коом 0

Бишкек, 5-июль /Кабар/. Россиянын Мамлекеттик думасы президент Владимир Путинге Орусияда транспорт тармагында иштеген кыргыз жарандарына улуттук айдоочулук күбөлүк менен иштөө мүмкүнчүлүгүн берүүнү суранышты деп жазат РИА Новости.

Документте көрсөтүлгөндөй, Россияда 1-июндан тартып чет өлкөлүк жарандарга жана эл аралык айдоочулук күбөлүк менен ташуу кызматын аркалагандарга тыюу салуу мыйзамы күчүнө кирген.

Кайрылууда, транспорт башкарууга байланышкан ишкерчилик же ташуу кызматын көрсөткөндөргө Россиянын айдоочулук күбөлүгүн алуу зарылчылыгы, алардын орус тилин жакшы билбегендигинен улам келип чыккан. Федералдык мыйзамдын аткарылышына кыргызстандык жарандар дагы кирип калган”,- деп жазылат.

Парламентчилер Кыргызстандын мыйзамында орус тили расмий тил катары көрсөтүлгөнүн, мындай жобо кыргыз жарандарынын орус тилин жана жолдо жүрүүнүн эрежелерин жакшы билгендигинен кабар берет деп билдиришкен.

“Жогоруда көрсөтүлгөн себептердин негизинде Мамлекеттик думанын депутаттары сизге кайрылат. Урматтуу Владимир Владимирович! Кыргыз жарандарына Россиянын аймагында улуттук айдоочулук күбөлүгү менен транспорт башкарууга уруксат берүүңүздү суранат”,-дейт аталган кайрылууда.

Пикир

Оставить комментарий