• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Мамдуманын депутаты: Кыргызстан инвестиция үчүн кызыктуу өлкө

Коом 0

Бишкек, 12.11.20. /Кабар/. Кыргызстан инвестиция жагынан алганда абдан кызыктуу өлкө. Бул тууралуу Россиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Олег Колесников Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө дүйнөдөгү эң негизги баалуулук мунай, газ, алтын эмес, ал суу.

“Мөңгүлөрдүн ресурстары суунун эбегейсиз потенциалы. Кыргызстан буга абдан бай. Кыргызстан инвестиция жагынан алганда абдан кызыктуу өлкө. Өлкөдө болуп жаткан кырдаалды жана аны башкарган адамдарды эске алганда, менимче, өлкөнүн келечеги кең деген үмүт бар. Көп нерсе кылса болот жана бул үчүн бардыгы бар”, - деди Колесников.

Пикир

Оставить комментарий