• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Мамэкотехинспекция браконьерчиликке каршы рейд жүргүзүүдө

Коом 0

Бишкек, 27.11.20. /Кабар/. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция браконьерчиликке каршы рейд жүргүзүүдө.

Мамэкотехинспекциядан билдиришкендей, 20-25-ноябрь күндөрү рейд Токтогул суу сактагычында жана Чүй өрөөнүндө жүргүзүлгөн. Рейд учурунда Токтогул суу сактагычына салынган 2 миң метрден ашык тор алынып, жок кылынган. Аны менен бирге 3 жаранга мыйзамсыз балык уулагандыгы үчүн 3 миң сом айып салынып, балык запастарына келтирилген зыян үчүн 3 миң 535 сом доо келтирилген.

Азыркы тапта Мамэкотехинспекция Чүй жана Жалал-Абад облустарында мыйзамсыз аңчылыкка каршы рейд жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий