• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мамэкотехинспекция Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл өкмөтүндө бузууларды аныктады

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.02.21. /Кабар/. Нарын облусундагы Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл өкмөтүндө бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын (Мамэкотехинспекция) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Мамэкотехинспекциянын Жумгал жана Кочкор райондору боюнча региондор аралык башкармалыгынын 2021-жылга карата түзүлгөн иш планынын негизинде Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл өкмөтүнө пландуу, комплекстүү текшерүү жүргүзүлдү.

Анда Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагында жер мыйзамдарынын сакталышына жана аткарылышына карата пландуу текшерүү жүргүзүлүп, жер мыйзамдарынын бузулушуна КР өкмөтүнүн 23.10.2011-ж. №571, КР өкмөтүнүн 06.05.2005-ж. №177 жана КР өкмөтүнүн 19.06.2009-ж. №386 токтомдорунун 6 мыйзам бузуу, жайыт комитетинин ишмердүүлүгү боюнча 4 мыйзам бузуу аныкталып, аларды четтетүүгө карата 30 күндүк мөөнөт менен жалпысы 10 пунктан турган жазма буйрук эскертүү берилди.

Пикир

Оставить комментарий