• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мамэкотехинспекция өлкөдөгү аттракциондорду текшерип чыкты

Коом 0

Бишкек, 12.06.19. /Кабар/. КРнын Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциясы өлкөдөгү аттракциондорду текшерип чыгышты. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында өнөр-жай бөлүмүнүн улук инспектору Александр Апухтин билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда учурда 180 аттракцион иштейт. Алардын арасында инвентаризация жүргүзүлүп, кээ бирлери 30 жылдан ашык убакыт колдонуп келе жаткандыгы аныкталды.

“Жарыяланган мораторийга карабастан биз жергиликтүү бийлик органдарынын кызматкерлери менен биргеликте Ысык-Көлдүн жайкы сезонго карата даярдыгын билүү үчүн текшерүү жүргүздүк. Алардын абалы канааттандырарлык экен. Бул жылы кырсыктардын жана кокустуктардын саны азаят”,- дейт инспектор.

Андан тышкары, ал балдар ойногон батуттар тууралуу айтып өттү. Ал белгилегендей, бир караганда эч кандай коркунуч жок нерсе, бирок балдар анын ичинде ойноп жатып, сыртына кокусунан секирип кетүү коркунучу бар. Сыртка түшсө колу, буту сынышы толук ыктымал.

Апухтиндин айтуусунда, батуттарды орнотууга уруксатты жергиликтүү бийлик органдары таратат жана ошолор текшеришет. Эгер кимдир-бирөөнүн доосу бар болсо, анда түз эле ошолорго кайрылуу керек.

Пикир

Оставить комментарий