• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Мамэкотехинспекция мыйзамсыз бак-дарактар кыйылгандыгын аныктады

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.01.21. /Кабар/. Бишкек мэриясына караштуу коомдук мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан мыйзамсыз бак-дарактар кыйылгандыгы аныкталды. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы билдирет.

Маалыматка ылайык, Мамэкотехинспекциянын Аламүдүн жана Ысык-Ата райондору боюнча региондор аралык башкармалыгына Пригородный айыл өкмөтүнөн 18-январда келип түшкөн каттын негизинде, экологиялык коопсуздук боюнча инспекторлор тарабынан оперативдүү иш алып барылган.

Жыйынтыгында Бишкек мэриясына караштуу коомдук мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан мыйзамсыз 17 даана бак-дарак кыйылгандыгы аныкталып, келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн 36 миң 67,07 сом доо коюлган.

Материалдар Аламүдүн райондук ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий