• 84.45
  • 89.13
  • 1.36

Мамэкотехинспекция пиротехникалык заттарды сатуудагы коопсуздук эрежеси боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

813 кароо Коом 0

Бишкек, 30.12.20. /Кабар/. Мамэкотехинспекция пиротехникалык заттарды (фейервер, петардаларды) сатуудагы коопсуздук эрежеси боюнча рейд жүргүзүүдө.

Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Мамэкотехинспекциянын Өрт көзөмөлдөө башкармалыгынын инспекторлору тарабынан 205 өрт коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча эскертүү кагаздары тапшырылды.

Жаңы жылдык майрамдарды белгилөө максатында, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин райондук башкармалыктарынын кызматкерлери, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин райондук бөлүмдөрүнүн кызматкерлери жана райондук муниципалдык башкармалыктардын кызматкерлери менен биргеликте Бишкек, Ош шаары жана Нарын, Жалал-Абад, Кара-Көл региондор аралык башкармалыктын өрт көзөмөлдөө бөлүмүнүн инспекторлору тарабынан соода түйүндөрдө, базарларда, көңүл ачуу борборлорунда жана калктын массалык чогулган жайларында ири өлчөмдөгү өзгөчө кырдаалдарга жеткирбөө, өрт кырсыгынын чыгышын алдын алуу жана өрт коопсуздук абалын жакшыртуу максатында иш-чаралар көрүлүүдө.

Жогоруда көрсөтүлгөн объектилерде жардыргыч заттарды атайын белгиленген жайларда гана сатуусун талап кылып, башаламан сатууларга бөгөт коюп, түшүндүрүү иш-чаралары өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий