• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мамэкотехинспекция "Жыргалаң" санаторийин текшерип, ишин токтотууга сунуш берди

Аймак 0

Бишкек, 10.02.21. /Кабар/. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын (Мамэкотехинспекция) Каракол шаары, Түп, Ак-Суу жана Жети-Өгүз райондору боюнча региондор аралык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан "Жыргалаң" санаторийинде саркынды сууну бакчанын аймагына төгүү фактысы жана токойлордун кыйылышы боюнча пландан тышкары текшерүү жүргүзүлдү.

Инспекциянын басма сөз кызматы билдиргендей, текшерүүгө соцтармактардагы жарыяланган видео жана кайрылуулар негиз болгон.

Текшерүүнүн жүрүшүндө бактын аймагынан агынды суулардын үлгүлөрү алынып, ал эми токойлорду кыюу фактысы боюнча, кыйылган теректердин 4 дүмүрчөсү аныкталып, өсүмдүктөр дүйнөсүнө келтирилген зыяндын өлчөмү 12 715 сом 86 тыйынды түздү.

КР Жоруктар жөнүндө кодексине ылайык, иш-материалдар Ак-Суу РИИБне өткөрүлүп берилди. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча текшерүү актысы түзүлүп, бузууларды четтетүү жөнүндө эскертме жазуусу берилди.

Контролдук текшерүүнүн жүрүшүндө, Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Ысык-Көл аймактык башкармалыгынын экологиялык мониторинг бөлүмүнүн корутундусунда алынган суунун №3, №4 үлгүлөрүндө химиялык анализдин натыйжалары тиричилик ичүүчү жана культ ичүүчү сууну пайдаланган МДКнын төмөнкү ингредиенттердин ашыкча көлөмү бар деп чыгарылган: алар, аммоний азоту, нитрат азоту, БПК 5 жана токтоп калган зат.

КР Бузуулар жөнүндө кодексинин 146-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, бузуу боюнча протокол түзүлүп, 28 миң сом айып салынды.

Текшерүүнүн актысы түзүлүп, мыйзам бузуулар четтетилгенге чейин "Жыргалаң" санаторийинин ишин токтотууга сунуш берилди.

Пикир

Оставить комментарий