• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мамэкотехинспекциянын кызматкерлери Жаабарстан кабар алышты

Коом 0

Бишкек, 23.01.20. /Кабар/. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары баштаган кызматкерлер Талас облусунда кармалган илбирстин абалы менен таанышып келишти. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жаабарс (ак илбирс) учурда “Бугу-Эне” коомдук фондунун карамагында реабилитациядан өтүп жатат. Илбирс кармалган күндөн тарта Мамэкотехинспекциянын көзөмөлүндө болууда.

Баса белгилеп өтчү жагдай, аталган фонддун жетекчиси Салтанат Сеитова илбирстин дарылануу процессин толук колго алып, ийне саюу жана тамчылатма дарыларды куюнуу да өзү жүргүзөт. Бүгүнкү күнгө чейин ар кандай жаракат алган жардамга муктаж жапайы канаттуулар жана жырткычтар Мамэкотехинспекция тарабынан “Бугу-Эне” коомдук фондунун карамагына өткөрүлүп келген. Жогорку деңгээлдеги камкордук менен жаныбарлардын саламаттыгына көңүл бөлгөн фонддун жетекчиси Салтанат Сеитовага Мамэкотехинспекция тарабынан терең ыразычылык билдирилди.

Ошондой эле “Бугу-Эне” коомдук фондуна Мамэкотехинспекция тарабынан материалдык жардам көрсөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий