• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мамэкотехинспекциянын маалымат катчысы А.Мамбеталиева кайрадан өз кызмат ордуна кайтып келди

Коом 0

Бишкек, 18.10.18. /Кабар/. Мыйзамсыз кызматтан алынган Мамэкотехинспекциянын кызматкери Анара Мамбеталиева кайрадан кызмат ордуна кайтарылды. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook баракчасында билдирди.

Эскерте кетсек, Анара Мамбеталиева ушул жылдын 15-августунда жумуштан айдалган. Ал ведомстводо митинг өткөрүп, Мамэкотехинспекция коррупцияга малынып калгандыгын айткан. Эң башкы паракорчулар катары инспекциянын статс-катчысы Таалай Асылбеков, кадрлар бөлүмүнүн башчысы Самат Керимкулов жана каржы бөлүмүнүн башчысы Гулкайыр Джумашеваларды атаган.

Мамэкотехинспекциянын маалыматына ылайык, Мамбеталиева уруксатсыз митинг өткөргөндүгү үчүн мыйзам боюнча жумуштан кеткен.

Мамэкотехинспекциягы гүлдөп жаткан коррупция тууралуу Анара Мамбеталиева тарабынан айтылган сөздөрдү текшерүү максатында Президенттин Аппаратынын жетекчисинин жарлыгы менен ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн.

Комиссия Мамэкотехинспекциянын маалымат-кызматчысы Мамбеталиеваны жумуштан кетирүүсүн текшерүүнүн жыйынтыгында кийинкини белгилеген: Анара Мамбеталиеваны ээлеген кызматынан кетирүү чечим (Буйрук) мыйзамды бузуу менен жана эрте кабыл алынган. Буну тастыктаган прокурордук жобо Мамэкотехинспекцияга жиберилген.

Мамэкотехинспекциянын борбордук аппаратынын жана аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине акчалай сыйлык жана материалдык жардам төлөп берүүсүнүн мыйзамдуулугун текшерүүдө жумушчу топ укуктук ченемдик актыларды бузуу менен кызматкерлерге бюджетте сакталган каражаттардын эсебинен аткарган жумушунун жыйынтыгы үчүн сыйлык катары эмес, тескерисинче майрам күндөргө кошумча кызмат акы катары төлөнүп келгендигин тастыктаган.

Пикир

Оставить комментарий