• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Мамфинкөзөмөл кызматы лотереяларды өткөрүүгө 151 уруксат берген

Экономика 0

Бишкек. 30.10.20. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Мамфинкөзөмөл кызматы лотереяларды өткөрүүгө 151 уруксат берген. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын (Мамфинкөзөмөл) төрагасы Арзыбек Кожошев билдирди.

Анын айтымында, 2019-жылы “Мамлекеттик лотерея компаниясы” мамлекеттик ишканасы түзүлгөн. "Лицензиялар "Ала Тоо", "Жетиген", "Ордо", "Тулпар", "Илбирс" жана "Тартуу" лотереясын өткөрүүгө берилген.

2020-жылдын 9 айдын жыйынтыгы боюнча лотереяларды өткөрүүдөн түшкөн каражаттар 16 млн 801 миң 300 сомду түздү. Сыйлык фондусу 7 млн 398 миң сомду түздү жана лотереяларды өткөрүүдөн алынган киреше 5 млн 352 миң 438 сом болду", - дейт ал.

Кожошев кошумчалагандай, 2020-жылдын 1-январынан тартып 25-сентябрына чейин 50 лицензия, 29 уруксат кагазы, ломбарддардын филиалдарын ачууга 7 макулдук каты, 5 кайра жол-жоболоо лицензиясы берилди.

Пикир

Оставить комментарий