• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Мамфинкөзөмөл кызматы журналисттерди финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча тренингге чакырат

Коом 0

Бишкек, 30.10.20. /Кабар/. Мамфинкөзөмөл кызматы журналисттерди финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча тренингге чакырат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын (Мамфинкөзөмөл) төрагасы Арзыбек Кожошев билдирди.

Кожошев өлкөдөгү аудитти жана финансылык отчеттуулукту өнүктүрүү боюнча эл аралык уюмдар менен биргелешип иштөө иши жигердүү улантылып жатканын айтат.

"2020-жылдын ноябрь айында финансылык сабаттуулукту жогорулатуу максатында журналисттер үчүн окуу тренингин өткөрүү пландаштырылган. Ошондой эле бухгалтерлерге, финансистерге, аудиторлорго бекер окутуу семинарлары жана тренингдер өткөрүлүп жатат", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий