• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Мамин: ЕАЭБ өлкөлөрүнүн соода-экономикалык мамилелеринде оң тенденция байкалууда

ЕАЭБ 0

Бишкек, 20.08.21. /Кабар/. Евразиялык экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн соода-экономикалык мамилелеринде оң тенденция байкалууда. Бул тууралуу Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин маалымат жыйында билдирди.

“Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги (ЕӨАК) жыйынынын жыйынтыгына таянып 2021-жылдын биринчи жарымында дүйнөлүк экономикада терс тенденциялар уланып жатканына карабастан ЕАЭБдин соода-экономикалык мамилелеринде оң тенденция бар экенин белгилөөгө болот", - деди ал.

Мамин белгилегендей, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы өз ара соода жүгүртүү 2021-жылдын биринчи кварталында 32%га өсүп, болжол менен 33 миллиард долларды түздү.

Ошондой эле товар жүгүртүүнүн көлөмү да 25%га өсүп, 370 миллиард долларды түздү.

Мындан тышкары, Казакстан өкмөтүнүн башчысы 2021-жылдын 19-20-августунда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отурумунун жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлганын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий