• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Мамипотеканы алууда баштапкы төлөмдү 30%га чейин көтөрүү сунушталууда

Экономика 0

Бишкек, 22.11.22. /Кабар/. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын программалары боюнча үй сатып алууда алгачкы төлөмдүн өлчөмү (негизги катышуучулар үчүн) 10%дан 30%га чейин жогорулатуу сунушталууда. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкуу үчүн министрлер кабинетинин сайтына жайгаштырылды.

Долбоордун негизги максаты министрлер кабинетинин 2021-жылдын 13-июлундагы №75 токтому менен бекитилген “Менин үйүм 2021-2026” турак жай программасын натыйжалуу ишке ашыруу үчүн зарыл шарттарды түзүү, ошондой эле программаны ишке ашыруунун финансылык ресурстарын натыйжалуу пайдалануу.

Ипотекалык кредиттерге жогорку суроо-талапка ипотекалык кредиттөөнүн жеткиликтүү шарттары себеп болду: жылдык 4%, мөөнөтү 25 жылга чейин. Салыштыруу, азыркы учурга карата кредиттин орточо суммасы 3 млн сом.

Программа ишке кирген учурдан тартып (1 жылдын ичинде) өлкөнүн 48 миң жараны Мамлекеттик ипотекалык компаниянын электрондук порталында каттала баштаган, анын ичинен:

• Программага катышууга жана ипотекалык кредит алууга 17 миң арыз жактырылды. Анын ичинен 2 миң 300 катышуучу ипотекалык кредит алды. 7 миң 400 катышуучу ипотекалык насыяны каржылоону күтүп жатышат, калган 7 миң 300 катышуучу банктарга кайрыла элек;

• Мамлекеттик ипотекалык компаниянын программасына катышуу үчүн 4 миң 500 жаңы арыздарды текшерип жатат. Ошол эле учурда орто эсеп менен ай сайын мамлекеттик ипотекалык кредит алуу үчүн 1 миң 200 жаңы арыз келип түшүүдө;

• Калган 26 миң 500 жаран программага катышуу үчүн электрондук арызды толтуруп жатышат.

Жогоруда көрсөтүлгөн статистикага ылайык, банкта күткөн катышуучуларга насыя берүү үчүн 21 млрд сомдон кем эмес каражат керек. Бул көрсөткүчтөр программаны каржылоонун негизги булагы – республикалык бюджетке жүктөм болот.

Жарандардын бош каражаттарын мобилизациялоо республикалык бюджетке жүктү азайтууга мүмкүндүк берет. Мисалы, бүгүнкү күндө сатылып алынган турак жайдын наркынын 90% республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланат, 10% жарандардын баштапкы төгүмү жана республикалык бюджеттин каражаттарын натыйжалуу пайдалануу максатында долбоордо турак жай сатып алууда республикалык бюджеттин каражаттарынын үлүшүн 40%га чейин азайтуу сунушталууда. Демек 30% жарандын ТСККга жеке салымы, 30% ТСККнын депозиттик базасынын каражаты. Ушундан улам мамлекеттик ипотекалык кредитти берүүнүн саны эки эсе көбөйөт.

Белгилей кетсек, статистика боюнча 2022-жылда “МИК” ААКан кредит алгандардын 80% баштапкы төгүмдү орточо 500 миң сом беришкен. Келечекте бул каражаттар ТСККнын депозиттик базасын түзөт.

Долбоор турак жайды каржылоонун төмөнкү багыттарын киргизүү аркылуу турак жайга муктаж болгон айрым социалдык топторго так талаптарды белгилөөнү сунуштайт:

“Социалдык турак жай” багыты

- жарандардын максаттуу категориясы: көп жылдык эмгек стажы бар мамлекеттик сектордун кызматкерлери, көп балалуу үй-бүлө, ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар же ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды камкордукка алган адамдар, жашы жете элек баланы ата-энесинин бири гана тарбиялаган толук эмес үй-бүлө жана айыл жергесиндеги жаш адистер;
- турак жайды каржылоо механизмдери: кийин сатып алуу менен турак жайды ижарага берүү, турак жайды финансылык ижарага алуу (лизинг), “МИК” ААКнун өнөктөш банктары аркылуу ипотекалык кредиттөө;
- турак жайды каржылоо шарттары: пайыздык чен жылдык 4%, мөөнөтү 25 жылга чейин, баштапкы төлөм турак жайдын наркынан 10%дан кем эмес.

“Жеңилдетилген турак жай” багыты
- жарандардын максаттуу категориясы: бюджеттик сектордун кызматкерлери;
- турак жайды каржылоо механизмдери: контракттык турак жай-аманаттары системасы боюнча ипотекалык кредиттөө;
- турак жайды каржылоо шарттары: пайыздык чендер жылдык 6-8%, мөөнөтү 25 жылга чейин, баштапкы төлөм турак жайдын наркынан 30% кем эмес.

“Арзан турак жай” багыты

- жарандардын максаттуу категориясы: иштеген чөйрөсүнө карабастан жарандар;
- турак жайды каржылоо механизмдери: кийин сатып алуу менен турак жайды ижарага берүү, турак жайды финансылык ижарага алуу (лизинг), “МИК” ААКун өнөктөш банктары аркылуу ипотекалык кредиттөө жана контракттык турак жай аманаттары системасы боюнча ипотекалык кредиттөө;
- турак жайды каржылоонун шарттары: пайыздык чендер жылдык 10-12%, мөөнөтү 25 жылга чейин, баштапкы төгүм: ТСКК аркылуу каржылоо турак жайдын наркынан 30% дан кем эмес жана “МИК” ААК аркылуу каржылоо турак жайдын наркынан 20% дан кем эмес.

Пикир

Оставить комментарий