• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Мамкадр кызматы менен Назарбаев университети кызматташтыкты арттырууга кызыктар

Коом 0

Бишкек, 6-март /Кабар/. КРнын Мамлекеттик кадр кызматынын директору Нурханбек Момуналиев Назарбаев атындагы университетинин Мамлекеттик саясат боюнча жогорку мектебинин деканы менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Н.Момуналиев конокторду КРнын Мамлекеттик кадр кызматынын ишмердүүлүгү менен кыскача тааныштырып, жогорку кесипкөй мамлекеттик жана муниципалдык кызматты башкаруу системасын түзүү кадр кызматынын негизги иши экенин белгиледи. Ошондой эле, КРнын Мамлекеттик кадр кызматы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу, аларды кайра даярдоо боюнча окутууларды жүргүзүүнү, кызматкерлерди чет мамлекеттерге тажрыйба алмашууга жиберүүнү координациялаган жалгыз орган экенин баса белгиледи.

Назарбаев атындагы университетинин Мамлекеттик саясат боюнча жогорку мектебинин деканы Вэнг Тат Хуэй мырза жогоруда аталган жогорку окуу жай тууралуу жана анын окууту системасы, мамлекеттик кызматкерлердин билимин жогорулатууга багытталган кыска мөөнөттөгү программалары боюнча маалымат берди. Ошондой эле, ал кыска мөөнөттөгү окутуу программалары гранттык негизде түзүлүп калса, Кыргызстандан да билимин жогорулатууну каалагандар үчүн мүмкүнчүлүк түзүлөрүн айтты. Ал кыска мөөнөттөгү программалар ушул жылдын октябрь айында атайын эксперттер тарабынан мамлекеттик кызматка керектүү талаптарды эске алуу менен түзүлөрүнө токтолду.

Жолугушуунун соңунда тараптар кызматташууну арттырууга кызыкдар экенин белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий