• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Мамкадр кызматы Улуттук кадрлар резервине киргизүүгө сынак жарыялайт

Коом 0

Бишкек, 01.12.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын Улуттук кадрлар резервине киргизүүгө конкурс жарыялайт. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Улуттук резерв - мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын башкы жана жогорку административдик мамлекеттик кызмат орундарын жана муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө талапкерлердин (резервдегилердин) тобу.

Улуттук резервдегилердин артыкчылыктары:

Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамынын 23-беренесинин 5-пунктуна ылайык, конкурс биринчи кезекте ички жана улуттук кадрлар резервинде турган адамдардын арасында өткөрүлөт.

Улуттук резерв кызмат орундарына кирүүнүн өзгөчө (конкурстан тышкары) тартиби аркылуу дайындоодо, ошондой эле саясий кызмат орундарына дайындоо колдонулушу мүмкүн.

Мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка кесипкөй жана башкарууга даярдалган кадрларды тартуу максатында Улуттук резервге киргизүү үчүн конкурс төмөнкү этаптарды камтыйт:

  1. Документтерди кароо;
  2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүүгө компьютердик тестирлөө;
  3. Практикалык тапшырма;
  4. Аңгемелешүү.

Иш стажына карата төмөнкү квалификациялык талаптар белгиленет:

  • жогорку кызмат орду - мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 5 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 7 жылдан кем эмес иш стажы.
  • башкы кызмат орду - мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 3 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы;

Башкы жана жогорку административдик кызмат орундарын ээлөөгө резервде турган адамдар үчүн төмөнкү документтерди билүү милдеттүү:

(комиссия тарабынан бекитилгенден кийин тизме жарыяланат)

Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:

- өзүнүн арызы;

- тиркемеге ылайык форма боюнча резюме, сүрөтү менен

- нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

- нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;

- илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);

- паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт).

Документтерди тапшыруу мөөнөтү: 2017-жылдын 1-декабрынан тартып 2018-жылдын 15-январына чейин.

Бул документтерди төмөнкү дарек боюнча Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматына тапшыруу керек: Бишкек ш., Т. Молдо көч., 10, каб. 206.

Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү телефондор аркылуу кайрылсаңыз болот:

Тел.: 0312 62 04 31; 0312 62 03 15.

Эл. почта: kr.sps@mail.ru

Сайт: www.mkk.gov.kg.

Пикир

Оставить комментарий