• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Мамлекеттик карызды жабууга 24 млрд. сомдон ашык каражат сарпталат

Экономика 0

Бишкек, 07.12.18. / Кабар/. 2018-жылы КРнын мамлекеттик карызын жабууга 24,3 млрд. сом каражат жумшоо пландалууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйыны учурунда Каржы министрилигинин өкүлдөрү билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2018-жылга каралган бюджетте айрым өзгөрүүлөр болгон.

Алсак, жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтар бөлүмүндөгү чыгашалардын үлүшү 1,6%га, билим берүү 2,2%га, айлана чөйрөнү коргоо 0,1%га өскөн.

Ошондой эле турак жана коммуналдык кызматтар бөлүмүндөгү чыгашалар 0,3%га, эс алуу, маданият, дин 0,5%га, саламаттыкты сактоо 0,5%га көбөйгөн.

Социалдык камсыздоо бөлүмү 1,3%га жана экономикалык маселелер бөлүмү 6,2%га азайган.

Ал эми мамлекеттик карызды төлөөгө бул жылы 24 млрд. 330,1 млн. сом коротулмакчы

Пикир

Оставить комментарий