• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Сүйүнбек Касмамбетов Саха Республикасынын башчысы менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 22.06.22. /Кабар/. КР мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов Саха Республикасынын (Якутия) Верхневилюйск районунда Якут АССРинин түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын майрамдоонун алкагында «Ысыях Олонхо» улуттук майрамынын ачылыш аземине катышты.

Маалыматка ылайык, бул майрам 2005-жылы ЮНЕСКО тарабынан адамзаттын оозеки жана материалдык эмес мурастарынын шедеври катары таанылган якуттардын «Олонхо» баатырдык эпосуна арналган. Майрамдоонун алкагында «Олонхо жеринде ЮНЕСКО шедеврлеринин жолугушуусу» эл аралык фестивалы өтүп, ага Азербайжан, Армения, Кыргызстан, Монголия, Бурятия, Калмыкия, Тува, Якутия жана Алтайдан келген коноктор катышты.

Ачылыш аземден кийин Саха Республикасынын (Якутия) башчысы А.С. Николаев менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы С.С. Касмамбетовдун жолугушуусу болуп өттү.

Тараптар учурдагы абалды жана мындан ары ЕАЭБдин алкагында да, эки тараптуу форматта да экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташуунун келечегин талкуулашты, ошондой эле маданият, туризм, билим берүү маселелери боюнча, Кыргыз Республикасынын эмгек мигранттарынын абалын жакшыртуу боюнча да пикир алмашты.

Көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Максим Аммосовдун Якутиянын жана Кыргызстандын өнүгүшүндөгү маанилүү ролуна өзгөчө көңүл бурулду.

Сүйүнбек Касмамбетов Айсен Николаевди юбилейлик иш-чаранын ийгиликтүү уюштурулушу менен куттуктап, актуалдуу маселелерди жеке талкуулоого мүмкүнчүлүк болгондугу үчүн ыраазычылык билдирди жана Айсен Николаевди ага ыңгайлуу убакта Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу кызматташуунун бардык багыттары боюнча кыргыз-якут мамилелери чыңдалат жана кеңейет деген ишенимин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий