• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Мамкаттоо: 2020-жылы 19 миңден ашуун кыргызстандык аты-жөнүн өзгөрттү

Коом 0

Бишкек, 20.01.21. /Кабар/. 2020-жылы 19 миң 122 кыргызстандык аты-жөнүн өзгөрттү, - деп билдирет Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, бул 2019-жылга салыштырмалуу 9 миң 31 каттоого аз (2019-жылы - 28 миң 153).

Атын өзгөртүү үчүн арыз ээси каалаган калкты тейлөө борборуна же жарандык абалдын актыларын каттоо, паспорттоштуруу жана калкты тейлөө бөлүмүнө кайрылса болот.

Кыргыз Республикасынын «Жарандык абалдын актылары жөнүндө» мыйзамынын учурдагы редакциясына ылайык, аты-жөнүн өзгөрткөн жарандар бир айдын ичинде паспортун алмаштыруусу керек. Бир эле убакта фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүп каттатууга жол берилбейт.

Пикир

Оставить комментарий