• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мамкаттоо: Калкты тейлөө борборлору майрам жана дем алыш күндөрү кечке чейин иштейт

Коом 0

Бишкек, 05.01.21. /Кабар/. Мамлекеттик каттоо кызматынын Калкты тейлөө борборлору жана калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмдөрү майрам жана дем алыш күндөрү жарандарга ID-карталарын берүү үчүн саат 9: 00дөн 20: 00гө чейин иштейт. Бул тууралуу ведомствонун басма соз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, президенттик шайлоо жана референдумдун алдында жарандардын кайрылууларынын саны көбөйгөндүгүнө байланыштуу, ID-паспортун даярдоого мурда арыз берген жарандар, паспортторду жасап берүү тарбине жана жаңы жумушчу календарга ылайык, 2021-жылдын 7-январынан 10-январына чейин саат 9: 00дөн 20: 00гө чейин даяр ID-карталарын ала алышат.

ID-картанын даярдыгы боюнча маалыматты Мамлекеттик каттоо кызматынын https://portal.srs.kg/kg/ - электрондук кызмат көсөтүүлөр порталынан жана «Услуги ГРС» мобилдик тиркемеси аркылуу алса болот.

Буга чейин КР өкмөтүнүн өндүрүш календарына ылайык, 7 жана 8-январь жумуш эмес, 9 жана 10-январь дем алыш күндөрү экендиги маалымдалган.

Келе жаткан маанилүү иш-чарага байланыштуу майрамдар жана дем алыш күндөрү жокко чыгарылды.

Пикир

Оставить комментарий