• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Мамкаттоо Кыргызстандын паспортун мыйзамсыз жасап, сатуу мүмкүн эмес экендигин айтты

Коом 0

Бишкек, 13.11.18 /Салтанат Абдраева - Кабар/. Кыргызстандын паспортун мыйзамсыз жасап, сатуу мүмкүн эмес экендигин Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз катчысы Мелис Эржигитов өзүнүн Facebook баракчасы аркылуу билдирди.

Ал Telegram социалдык тармактарында кенен тараган кыргыз паспортун жасап-сатуу жарнамасы тууралуу айтып, аны жокко чыгарды.

“1994 жана 2004-жылдардын үлгүсүндөгү паспорттор берилип жаткан кезде ошондой паспорт жасап саткан ортомчулардын соодасы жашы болгон. Анткени ошол мезгилде бюрократия абдан катуу болуп, паспорт алуу үчүн көптөгөн документтерди чогултуу керек болчу. Ошондой эле паспорт алуу үчүн бир киши экинчи киши үчүн документтерди тапшырып коё алчу жана бул мыйзамдуу болгон. Сен башка өлкөдө жүрсөң деле бул жерде сенин туугандарың сен үчүн керектүү кагаздарды чогултуп, паспортко тапшырып коё алчу. Азыр болсо “1-киши – 1 – ПИН –1-паспорт –1-шайлоочу” формуласы калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринин түзүмүнө киргизилген. Андан тышкары аны көзөмөлдөө үчүн биометрикалык каттоо киргизилген”, - деп билдирет ал.

Эржигитов белгилегендей, паспорт алуу үчүн ар бир жаран өзү барып, паспорт берилүүчү бөлмөлөрдөн сүрөткө түшүп, манжаларын сканерлөөдөн өткөрүп жана өзүнүн электрондук кол тамгасын коёт. Андан тышкары даяр болгон паспортту өзү гана алып кете алат. Паспорт алуунун баасы 300 сом турат.

“Ушундай формулада ортомчулар үчүн паспорт жасап сатууга мүмкүнчүлүк жок”, - деп баса белгиледи ал.

Эскерте кетсек, массалык маалымат каражаттарынын биринде социалдык тармактар аркылуу кыргыз паспортун сатуу боюнча кызмат көрсөтүү жарнамасы тууралуу маалымат чыккан. Ал жарнамада кыргыз паспортун жасоо 1 миң долларды түзөрү айтылган.

Пикир

Оставить комментарий